Бангкок бийлиги тургундарга жаңы жер титирөө коркунучу бар экенин эскертти

Бангкокто катуу жер титирөөдөн кийин дагы жер титирөөлөр (афтершок) болушу мүмкүн. Таиланддын Метеорология департаменти жакынкы келечекте жер титирөө коркунучу бар экенин эскерткенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, департамент шаардыктарды сак болууга жана сыртта калууга чакырган. Шаардагы бардык өзгөчө кырдаалдар кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Кошумчалай кетсек, коңшу Таиландга коңшу Мьянмада жер титирөөдөн кийин дагы бир жолу 6,4 баллдык афтершок болгон.

Бүгүн, 28-мартта Мьянмада катуу жер титирөө болгон. Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору жер титирөөнүн күчүн 7,7 балл деп баалады. Борбордун маалыматы боюнча, булак 10 чакырым тереңдикте жайгашкан. Бул Бангкоктун көптөгөн райондорунда жана анын айланасындагы аймактарда силкинүүгө алып келди.

Бангкоктогу жер титирөөдөн улам курулуп жаткан көп кабаттуу үй ураган. Урандылардын астында кеминде 43 жумушчу калган. Бийлик чукул куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле жер титирөөдөн Мьянмадагы бир нече тарыхый имараттар талкаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан