Зеленский АКШнын аскердик жардамын карыз деп эсептебей турганын билдирди

Украина Вашингтон менен пайдалуу кен казуу боюнча жаңы келишимдин долбоорунда көрсөтүлгөндөй АКШнын аскердик жардамын карыз деп эсептебейт. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский брифинде билдиргенин "Страна.ua" басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Украин тарап расмий каналдар аркылуу АКШдан кен байлыктары боюнча жаңы келишимдин долбоорун алган.

Зеленскийдин айтымында, келишимдин жаңы редакциясы укуктук жактан кылдаттык менен кароону талап кылат. Ал ошондой эле АКШнын аскердик жардамын карыз деп эсептөөдөн кескин баш тарта турганын билдирди.

“Биз көрсөткөн колдоо үчүн ыраазыбыз, бирок бул насыя эмес, жана биз буга жол бербейбиз”, - деди ал.

Белгилей өтсөк, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Украина менен сейрек кездешүүчү металлдар боюнча макулдашууга жеткенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан