
Жогорку Кеңештин төрагасы
Нурланбек Тургунбек уулу Аксынын Жылгын айылындагы М.Барпиев атындагы №19 орто мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды. Бул тууралуубүгүн, 29-мартта парламенттен кабарлашты.
Белгиленгендей, 3 кабаттан турган мектеп 225 орунга ылайыкташтырылган. Ал эми анын курулушуна жалпы 80 миллион сомго жакын каражат жумшалары мерчемделүүдө.
Жаңы мектептин пайдубалына мезгил кутусун салган төрага ушул куттуу жайдан Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан уул-кыздар өсүп чыксын деген тилегин билдирди.
“Касиеттүү Аксы жергеси таанымал инсандары менен тарыхта калган. “Аккан арыктан суу агат” - дегендей, Жылгын айылынан да кызыл байрагыбызды бийиктерде желбиреткен таланттуу балдар чыгарына терең ишенем”, - деген төрага.