Мьянмада бүгүн да жер титирөө болду

Мьянмада күчү 5,2 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа - Жер ортолук деңиз сейсмология борборуна (EMSC) таянып, дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Жердин силкинүүсү ишемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:50дө Мьянманын борбору Нейпьидодон эки чакырым аралыкта катталган. Аталган калаада миллиондой калк жашай турганы айтылды.

Кабарга ылайык, 28-мартта Мьянмада күчү эпицентринде биринчисинде 7,7, ал эми экинчи ирет 6,4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен тарыхый имараттар жарым-жартылай талкаланган.

BBC’нин маалыматына ылайык, жаратылыш кырсыгынан кеминде 1000 адам каза болуп, 2389 жаран жаракат алган. Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан