Мьянма жана Таиланддагы жер титирөө: ТИМ билдирүү таратты

Мьянма менен Таиландда болгон жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстандын Индия жана Малайзиядагы элчиликтери тиешелүү мамлекеттик органдар менен байланышта иш алып барууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркаган кыргызстандыктар боюнча маалымат жок. Учурда маалымат такталууда.

Кыргызстандын Индиядагы жана Малайзиядагы Элчиликтери Мьянма жана Таиланддагы Кыргыз жарандарын кооптуу аймактардан алыс болууга жана сактык чараларын көрүүгө чакырат.

Өзгөчө кырдаал жаралган учурда төмөнкү номерлерге байланышса болот:

Мьянмадагы кыргызстандыктар үчүн Индиядагы элчиликтин номери: +919599921779

Таиланддагы кыргызстандыктар үчүн Малайзиядагы элчиликтин номери: +919560118267

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан