Мьянманын премьер-министри Мин Аун Хлайн жер титирөөлөрдүн кесепеттерине байланыштуу өлкөдө улуттук аза күтүү күндөрүн жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
"Адамдардын өмүрүн алган жана зыян алып келген кырсыкка байланыштуу 31-марттан 6-апрелге чейин жети күн улуттук деңгээлде аза күтүү күндөрү деп жарыяланды. Бул күндөрү улуттук желек түшүрүлүшү керек", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 28-мартта Мьянмада күчү эпицентринде биринчисинде 7,7, ал эми экинчи ирет 6,4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен тарыхый имараттар жарым-жартылай талкаланган.
"Синьхуа" басылмасынын маалыматына ылайык, Мьянмадагы жер титирөөдө 2 миң 56 адам каза болуп, 270тей жаран дайынсыз болууда.