Бишкектин Совмин шаарчасында 31-марттан 4-апрелге чейин ысык суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясы бүгүн, 31-мартта кабарлады.
Ысык суу "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы аталган аймакта газ түтүктөрүн ондоп-түзөө иштерин жүзгүзүп жаткандыгына байланыштуу өчүрүлөт.
“Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасы шаардыктардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.