Сауд Арабиянын компетенттүү органдарынын маалыматына ылайык, 29-апрелден 10-июнга чейин Хаджга даярдык көрүү алкагында Мекке шаарына кирүүгө жана жүрүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу белгиленген мөөнөттө Сауд Арабияга барууну пландаган Кыргыз жарандарына киргизилген чектөөлөрдү эске алуу зарылдыгын эскертти.
"Хаджды аткаруу үчүн Сауд Арабиянын мыйзамдарына ылайык тиешелүү хадж-визаны алуу зарылдыгын эскертебиз" дешти мекемедедн.
Министрлик Кыргыз жарандарын Сауд Арабия Падышачылыгынын мыйзамдарын жана эрежелерин сактоону сунуштайт.