Түрк ырчысы Волкан Конак сахнада эсин жоготуп каза болду

Белгилүү түрк ырчысы Волкан Конак концерт учурунда эс-учун жоготуп, ооруканада каза болду. Бул тууралу чет өлкөлүк маалымат агенттиктери жазышууда.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 30-мартта Кипрдеги концерт учурунда болгон. Алгач Конакка көрүүчүлөр жардам көрсөтүүгө аракет кылышкан, андан кийин ал ооруканага жеткирилген. Анын өлүмүнүн себеби айтылган эмес.

58 жаштагы Конак өзүнүн алгачкы альбомун 1989-жылы жаздырган. Анын
"Cerrahpaşa" ыры чоң ийгилик алып келген. Ал эми 2006-жылы чыккан Mora альбому Түркиянын музыкалык продюсерлер ассоциациясы MÜ-YAP тарабынан алтын медаль менен сыйланган.

Ырчыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2-апрелде кичи мекени Түркиянын Макка шаарында өтөрү кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан