Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 2-апрелде Ысык-Көл жана Чүй облусунун айрым тоолуу аймактарында жаан-чачын жаайт. Өлкөнүн калган аймактарында күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2 ... +7, күндүз +14 ... +19;
- Талас жергесинде түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +15... +20;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4 ... +9, күндүз +20... +25;
- Ысык-Көлдө түнкүсүн -2 ... +3, күндүз +11 ... +16;
- Нарын дубанында түнкүсүн -4 ... +1; күндүз +12... +17;
- Бишкекте түнкүсүн +5 ... +7, күндүз +17... +19 градус болот