Бишкек шаарына май айында 118 электробус келери күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат саясатынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал билдиргендей, 2 даана электробус борбор калаага алып келинди. Алардын ичи кенен жана заманбап жасалгаланган.
"Өткөн жылы шаар ичиндеги жолдор кеңейтилип, иретсиз тартылган электр зымдары, троллейбустун линиялары тазаланып, троллейбустар каттамдардан алынган. Ошондо айрым шаар тургундары нааразычылыгын билдирди эле. Мына эми ошол троллейбустардын ордуна электробустар келди.
Азыр эң алгачкы эки даанасы Бишкекке түштү, калган 118и май айында күтүлүүдө" деп жазды ал.