Бишкекте 48 жаштагы Авазбек Тухтасинов дайынсыз жоголду

Бишкек шаарында 48 жаштагы Авазбек Тухтасинов дайынсыз болуп изделип жатат. Бул жөнүндө Ленин райондук милициясы кабарлады.

Анда айтылгандай, милицияга А.С. аттуу жаран кайрылып, 11-марттан бери анын агасы Тухтасинов Авазбек байланышка чыкпай жатканын билдирген.

Аталган факты райондук милициянын электрондук журналына катталган.

Белгилери: бою 165-170 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, бети сүйрү, көзү кара, кырдач мурун.

Жогорудагы жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге: 0(312) 35 29 47, 0(312) 35 26 71, 0705 450 553, 0773 909 465 же 102 кайрылса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан