Бүгүн, 1-апрелде Ысык-Көл районунун Ананьево айылында айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов, ардагерлер, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
"Жаңы имараттын ачылышы милиция кызматкерлерине заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүп, алардын коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ишмердүүлүгүн дагы да натыйжалуу кылат" деп айтылат ИИМдин маалыматында.