Социалдык тармактарда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева кызматынан бошотулду деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат саясатынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
"Айрым мекендештерибиз бул маалыматка ишенип, аны таратууда. Төмөндөгү документ - фотомонтаж жана министр кызматтан бошотулду деген маалымат жалган", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.