Чолпон-Атада оор атлетика боюнча өлкө биринчилиги өтөт
3-5-апрель күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Газпром" спорт комплексинде оор атлетика боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалымтка караганда, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө "Ынтымак" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат: