"Индиядагы дарыгерлер кызымдын басып кетишине кепилдик берип жатат" деген Бегимай Токтосунова аттуу жаран SUPER.KG порталына кайрылды.
Айтымында, ал Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Биринчи май айылында жашайт. 5 жаштагы кызы Айкөл Токтосунова учурда жамбаш сөөгү кыйшык өсүп жаткандыктан Индияда операция жасатууга муктаж болуп турат. Ал учурда жетиштүү каражат жоктугуна байланыштуу элден жардам суроого бел байланган.
"Кызым 2019-жылы төрөлгөндө ДЦП диагнозу коюлган. Атасы ошондон кийин бизди карабай кетти. Азыркы учурда кызымдын жамбаш сөөгү кыйшык өсүп жаткандыктан баспайт. Учурда кызымдын абалы жакшы, 6 айда бир текшерүүдөн өтүп турабыз.
Индиядагы дарыгерлер кызымдын басып кетишине кепилдик берип жатат. Буга кызымдын ДЦПнын жеңил түрү менен жабыркаганын жүйө келтиришти. Индияда кызыма 3 жеринен: көзүнөн, кызыл ашыгынан жана жамбашынан операция жасалышы керек эле. Ал үчүн 25 миң доллар керек болуп турат. Бир жылдан бери 15 миң доллар чогулттук. Эми дагы 10 миң доллар жетпей жатат. Ошондуктан кыргыз элинен жардам суроого аргасыз болуп турам" дейт Токтосунова.
Ал кошумчалагандай буга чейин кызына Бишкек шаарында эки жолу операция жасалган. Бирок бул кызынын абалын жакшырта алган эмес.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
Мбанк 0772.92.19.97 Бегимай Т
Сбербанк+79258815451 Бегимай Т
Оптима 0772.92.19.97 Т Б
Баланс 0772.92.19.97