Бишкекте картошканын баасы Астана менен Москвадан кымбат

Февралда Бишкекте бир килограмм картошканын орточо баасы Москва менен Астанага салыштырмалуу кымбат болду. Бул маалыматтар Евразиялык экономикалык комиссиянын чыгарган тыянагына таянып айтылууда.

Белгилесек, Бишкекте 1 килограмм картошканын баасы 0,75 доллар (болжолдуу 65 сом), ошол эле маалда Орусиянын борбору Москва шаарында 0,73 доллар (63 сом), ал эми Казакстандын Астана шаарында 39 сомду чамалаган.

Мындан тышкары берилген маалыматта эң жогорку баада Ереван саткан, алардын картошкасынын бир килограммы 74 сомго чыккан, ал эми эң арзан картошка Минск шаарында 32 сомго сатылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан