Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Орусияда мыйзамсыз жүргөн Кыргыз жарандарына алардын жүрүүсүн мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берилгенин дагы бир жолу эскертти.
Маалым болгондой, 30-апрелге чейин мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр Орусиянын аймагынан чыгып кетүүгө же алардын укуктук абалын жөнгө салууга милдеттүү.
Ал үчүн Орусияда жүргөн Кыргыз жарандары өздөрүн Орусиянын ИИМнин расмий сайтынан (mvd.ru) мыйзамсыз жүргөн жарандардын тизмесинен текшериши зарыл. Эгерде аты-жөнүңүздү ушул тизмеден тапсаңыз, анда төмөнкүлөрдү жасашыңыз керек:
Жогорудагы процедуралардан өткөн соң Орусиянын ИИМнин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүнө: паспорт, жумуш берүүчү тарабынан берилген эмгек/жарандык-укуктук келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана медициналык кароо, манжа изин тапшыруу, сүрөткө тартуу процедураларынан өткөндүгү жөнүндө документтерди тиркеп, тиешелүү арыз менен кайрылуусу керек.
Арыз менен кайрылган учурда жарандарга административдик штраф белгиленет. Бирок “кара тизмеге” киргизилбейт жана аларга карата административдик чыгаруу чечимдери кабыл алынбайт.
"Орусиянын аймагында жүргөн жарандардын банк картасына бөгөт коюлган болсо, анда жогорудагы процедураларды өткөн соң, аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин mvd.ru (мвд.рф) расмий сайтынан көзөмөлдөөчү реестрдеги жарандардын тизмесинен чыгарылгандан кийин, тейлеген банктын тиркемесиндеги чат аркылуу же жеринен картаңызга коюлган бөгөттү алып салуу жөнүндө арыз менен кайрылсаңыз болот" деп айтылат маалыматта.
Суроолор боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюнча кайрылса болот: Москва ш., Малая Полянка көч., 7-үй, корп.5
Телефон: 8 495 197 76 71 (кошумча 203; 205; 204 - иш күндөрү, дүйшөнбү-жума саат 9.00-18.00 чейин); +7 925 030 26 27, ал эми +7 996 968 98 97 (күнү-түнү иштейт).