2025-2026-окуу жылы үчүн Кыргыз жарандарына Словакиянын жогорку окуу жайларында гранттык негизде окууга стипендиялык программаларга арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги Словакиянын элчилигине таянып билдирди.
Ага ылайык, арызды электрондук каттоо жана толук документтер топтому 25-майга чейин кабыл алынат.
Каттоо жана документтерди электрондук түрдө берүү жөнүндө маалымат тиркемеде 6 баракта англис жана орус тилдеринде жайгаштырылган.