Футбол: Кыргызстан Түндүк Кореяга оюнду коңшу өлкөдө өткөрүүнү сунуштады

Кыргыз футбол союзу Түндүк Кореянын футбол федерациясына 5-июнга белгиленген 2026-жылы өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпионатына тандоо оюнун Ташкентте өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу "Футболиум" телеграм каналы жазды.

Номиналдуу талаа ээси деп эсептелген Түндүк Корея саясий кырдаалдан улам өз аймагында эл аралык беттештерди өткөрө албайт. Андыктан алар бул беттешти Азиянын каалаган бейтарап талаасында уюштурууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Өз кезегинде Кыргыз тарап бул жолугушууну Ташкентте өткөрүүнү сунуштаган.

Бул сунуш боюнча акыркы чечимди Түндүк Кореянын Футбол федерациясы чыгарат.

"Ак шумкарлар" учурда 6 упайы менен 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандоо турниринин "А" тайпасында 5-орунда турат. Кыргыз курамасынын квалификациянын 3-туруна чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Түндүк Корея 2 упайы менен тайпада акыркы орунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан