Германиянын экономика министри Роберт Хабек АКШ президенти Дональд Трампты башка өлкөлөрдүн товарларына киргизген тарифтери үчүн коркутууга алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
"Мен Дональд Трампты басым астында жасаган билдирүүлөрүн тууралай турганын көрүп турам..." - деген ал.
Хабек Батыш мамлекеттери башка өлкө менен союздашып, Ак үйдүн башчысына кысым көрсөтүшү керектигин кошумчалап, "ким күчтүү экенин ошондо көрөбүз" деген.
Айта кетсек, Трамп бүгүн, 3-мартка караган түнү дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр үчүн бажы төлөмдөрүнүн тарифтерин жарыялады. Алардын катарын Кыргызстан да толуктайт.
Таблицада АКШ Евробиримдиктен - 20 пайыз, Кытайдан - 34, Улуу Британиядан - 10, Вьетнамдан - 46 жана Индиядан - 26 пайыз импорттолгон товарларга тарифтер киргизилген. Кийинчерээк Ак үй Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан кирген тарифтердин толук таблицасын жарыялаган. Бул Борбор Азия өлкөлөрү үчүн 10 пайыз бажы алымдары киргизилген, анткени бул мамлекеттерде АКШдан келген товарлардын тарифтери окшош.