"Бейкуттун” дегенде "куту жок" калса, "бейпил" дегени "пили" жок калабы". Күмөндөр Абылов гимн бонча көз карашын айтты

Кыргыз Эл артисти, куудул Күмөндөр Абылов социалдык баракчасынан коомчулукка кайрылып, гимн боюнча өз оюн билдирди.

Анын айтымында, атактуу композиторлор Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесовдон ашып эч ким гимндин маазмунун жеткире албайт.

"Бизде азыркы убакта обончу-композиторлор менен акындарыбыздын бир тобу гимн жазуу менен алек болуп жаткан убак. Мен да өз оюмду айтпай коё албадым. Мисалы мен: Башынан эле жазганга аракет кылган жокмун. Себеби: азыркы гимнибизден артык гимн жазгандар болушу мүмкүн. Бирок, кээ бир билээрмандар айткандай музыкага шыгы жок жарандарыбыз да ырдай ала турган оңой жана уккулуктуу кооз Гимн жазууга мүмкүн эмес деп эсептейм. Мындан да татаал, кооз жазыш керек болсо бир жөн. Өткөндө кайсы бир теле каналдан Түгөлбай Казаков агайыбыздын: "Куштар үркүп учуп кетиптир, элдин көбүнүн, менин да үнүм жетпейт экен" - деген маегин көрүп, агайдын бул жолку оюна кошула алган жокмун. Менин оюмча: жаңы гимнди ким жазса да, К. Молдобасанов менен Н. Давлесовдон ашыра жазуу кыйын. Элдин баарына жакчудай кылып жазуу андан да кыйын. Музыкалык шыгы, угуусу жок кишилерден өйдө ырдай ала турган гимндин деңгээли мындан жакшы болоорун элестете да албай койдум?

Азыркы гимнибиздин профессионалдык деңгээли, обонунун көркөмдүгү, кыргызча колориттүүлүгү, гармониясы, аккорддору, оркестровкасы, сөздөрү да бүт жогорку деңгээлде! Бир убакта сөзүнө да асылгандар болду эле: “бейкут” деген сөзүн: "бей", "кут" деп, анысы: "куту жок" деген түшунүк дешкен эле. Антип сөздүн баарын бөлө берсек, уят сөздөр жайнап кетпейби. Андай болсо: “бейкуттун” синоними: "бейпил" деген да сөз бар. Ошондо эмне, ал сөз: "пили жок" деген сөз болуп калабы? Ал жерде пилдин эмне тиешеси бар? Ушинте эле бергендин эмне кереги бар бизге? Мисалы: Советтер союзунун гимниндей жакшы гимн жок үчүн Орусия союз тараары менен өздөрүнүн гимнин таштап, ошол союздун гимнин сөзүн которуп ырдап алышты. Биздин гимн да көп мамлекеттин гимндеринен алда ээкайда жогору турат! Гимнге ошол гимн ырдалган жердеги биздин жарандар сөзсүз эле бир жерин калтырбай кошо ырдашы керек эмес да... Жөн гана кошулуп турса болот го дейм?.... Билгени ырдаса, билбегенин эч ким кыйнаган жок да? Үнүбүз жетпесе, жеткендер ырдасын, жандуу ырдап жаттык беле?... Дүйнөдөгү жакшы гимндин баары татаал, диапазондору кең, кооз, уккулуктуу го?... Сонун гимнибиз турса, музыкалык шыгы жоктор ырдай ала турган "мыйты-муйту" - деген гимнди ырдап калабызбы?...", - деп жыйынтыктаган билдирүүсүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан