Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Американын Калифорния штатынын Сакраменто шаарында өткөн “TYR Pro Swim Series” турнирине катышты. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт агенттигинен айтышты.
Маалымдалгандай, аталган мелдеште кыргыз суучулу Денис Петрашов алтын медалга ээ болду
"Спорчу 100 метр брасс стилинде сүзүп, 1 мүнөт 0,42 секунд натыйжасы менен эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды. “TYR Pro Swim Series” эл аралык мелдешинде Америкада өтө турган дүйнө чемпионатына катышат турган спортчулар белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта.