Кечээ, 5-апрелде Бишкекте массалык ишембилик өттү. Анда канча мамлекеттик мекеме ишембиликке чыкпай койгондугу аныкталгандыгын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, 580 мекеме ишкана жалпы айлананы тазалоо боюнча тизмеге катталган, анын үчөө себепсиз ишембиликке катышпаган. Аларга Муниципалдык инспекция тарабынан чаралар көрүлө тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
"Ишембиликтин жыйынтыгы менен 265,8 тонна таштанды чыгарылган. Ага жалпы эсеп менен 94 атайын техника тартылды. 1146 жеке менчик үйлөрдүн жашоочулары, бизнес ээлери чыгып өз айланасын тазалашты. Ишембиликке 30 миң 559 жаран катышты", - деп айтылат маалыматта.