Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 10 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду. Бул туурасында Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 2025-жылы Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 55 миң 923 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Анын ичинен:
- Жети-Өгүз РЭТине 15 миң 600;
- Балыкыч РЭТине 8700;
- Ак-Суу РЭТине 10 миң 700;
- Каракол РЭТине 2223;
-Чолпон-Ата РЭТине 8100;
- Тоң РЭТине 10 миң 600 даана акылдуу эсептегичтер орнотулат.
"Ал эми январь айынан баштап облус боюнча 10 миң 333 акылдуу эсептегич орнотулду. Калгандары толугу менен жыл аягына чейин орнотулуп бүтөт", - деп айтылат маалыматта.