Япониянын Цусима аралынын аймагында "Тез жардам" кызматынын тик учагы байланышын үзүп, дайынсыз жоголду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, тик учак менен байланышы жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө Нагасаки префектурасынын Цусима аралына жакын жерде, деңиздин үстүндө учуп жүргөндө үзүлгөн.
Деңиз коопсуздук кызматы патрулдук кайыктардын жана учактардын катышуусунда издөө иштерин баштагандыгы маалыматта кошумчаланган.