Мадридде жарым марафончу марага жетеринде каза болду

Мадридде Movistar Madrid Medio Maratón жарым марафонунун катышуучуларынын бири марага 500 метр калганда каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка карганда, окуя кечээ 6-апрелде болгон. Анда 36 жаштагы эркек киши ээси ооп жыгылган. Жөө күлүккө биринчи жардам көрсөтүлүп, дароо ооруканага жеткирилген, Тилекке каршы каза болуп калган. Анын ошол учурда жүрөгү токтоп калганы аныкталган.

Турнирде дагы бир 20 жаштагы катышуучунун жүрөгү кармап калган. Ал ыкчам жардам көрсөтүүсүнүн аркасында аман калган. Жаш жигит оор абалда ооруканага жеткирилген.

Movistar Madrid Medio Maratón - Испаниядагы эң чоң жарым марафондордун бири. Быйыл 27 миңге жакын адам катышканы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан