АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр Кошмо Штаттар менен тарифтер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты. Ал бул тууралуу өзүнүн Truth Social социалдык тармактагы баракчасында билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.
"Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр биз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Биз катуу, бирок адилеттүү шарттарды койдук", - деп жазган. Трамп.
АКШнын лидери Япония тарифтерди талкуулоо үчүн сүйлөшүү тобун жөнөтүп жатканын кошумчалаган.
"Япондор киргизилген тарифге абдан терс мамиле кылышты. Алар биздин унааларды сатып алышпайт, а биз алардын унааларын миллиондорго сатып алабыз. Мунун баары өзгөрүшү керек, өзгөчө Кытай менен", - деген.
Белгилей кетсек, Трамп өткөн аптада дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр үчүн бажы төлөмдөрүнүн тарифтерин жарыялаган. Анда АКШ Евробиримдиктен - 20 пайыз, Кытайдан - 34, Улуу Британиядан - 10, Вьетнамдан - 46 жана Индиядан 26 пайыз импорттолгон товарларга тарифтерди киргизип жатканын көрсөттү.
Кийинчерээк Ак үй Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан кирген тарифтердин толук таблицасын жарыялаган. Бул Борбор Азия өлкөлөрү үчүн 10 пайыз бажы алымдары киргизилген, анткени бул мамлекеттерде АКШдан келген товарлардын тарифтери окшош.