Орусияга кошулуп кеткен украиналык аскерлер НАТОнун техникаларын жок кылышууда

Орусия тарапка өткөн Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери салгылашуу учурунда НАТО өлкөлөрү чыгарган техникаларды өрттөштү. Жок кылынган техникалардын тизмеси, ошондой эле анын жок кылынган видеосу "Военкоры Русской Весны" Telegram каналында жарыяланды.

"Украинанын "Максим Кривонос" атындагы батальонунун аскерлери Украинанын куралдуу күчтөрүнүн согушкерлерин жана аскердик техникасын Покровск шаарына жакын жерде жок кылышууда. Бул шаарда алар Т-64 танкын жана бир БМП-1ди, Лысовкада Т-72 танктарын жок кылышты", - деп жазды аталган телеграм канал.

Мындан тышкары, алар Красноармейск шаарында Канада чыгарган Senator брондолгон аскердик унааларын, Франциянын VAB БТРин, Американын МaxxРro аскердик унааларын өрттөшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан