Лукашенко Трамптын тариф саясатын логикага сыйбайт дейт

Беларустун президенти Александр Лукашенко АКШ лидери Дональд Трамптын бажы алымдарын алуу чечими экономикалык көз караштан алганда логикага сыйбаган көрүнүш экенин айтты.

"Бул Дональд айткандай болот деп ишенесизби? Ал кечээ эле Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан кийин башка бирөө менен тарифтер боюнча келишим түзүүгө даяр экенин айткан. Башкача айтканда, алар артка чегинүүгө даяр...

Анткени экономикалык көз караштан алганда, Трамптын чечими логикага сыйбагандай көрүнөт", - деди ал Мир телерадиокомпаниясына берген маегинде.

Лукашенко мындан ары эмне болорун күтүү гана керектигин белгилеген.

Белгилей кетсек, Трамп өткөн аптада дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр үчүн бажы төлөмдөрүнүн тарифтерин жарыялаган. Ал Америкага импорттолгон товарлар боюнча кайсы өлкөгө канча пайыз салык киргизилип жатканын көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан