Трамп өзү кабыл алган тариф саясатынан өзү жапа чектиби?

АКШнын президенти Дональд Трамптын байлыгы Кошмо Штаттарга кирген товарларга киргизген бажы алымдарынан улам болжол менен 500 миллион долларга кыскарды. Бул тууралуу Forbes басылмасы жазды.

Forbes анын байлыгы бир жума мурун 4,7 миллиард доллар деп бааланганын, кийин 4,2 миллиард долларга түшүп кеткенин белгилейт. Басылма АКШ президентинин байлыгынын жоготууларынын эң чоң үлүшү анын Trump Media and Technology Group компаниясына туура келгенин жазып, өткөн аптадагы бейшембиден бери анын акцияларынын баасы болжол менен 5 пайызга төмөндөгөнүн, натыйжада Трамп 170 миллион долларга жакын жоготконун билдирди.

Белгилей кетсек, 2-апрелде Трамп 185 өлкөдөн жана аймактардан келген товарларга бажы алымдарын киргизүүнү жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан