Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 22 мектепте милицияга иш бөлмөлөрү берилип, керектүү техникалар, эмеректер менен камсыздалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалымдагандай, билим берүү мекемелерине видеобайкоолор орнотулуп, мектеп директорунун жана өспүрүмдөр иши боюнча инспектордун иш бөлмөсүнө туташтырылууда.
"Мектептерден иш бөлмөлөрдүн берилиши жана видеобайкоолордун орнотулушу кырдаалды натыйжалуу көзөмөлдөөгө, буллингдин, зомбулуктун жана жашы жете электердин кылмыштуулукка тартылган учурларын аныктоого мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, февраль айында ички иштер министри Улан Ниязбеков менен билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жолугуп, мектептерде өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспектордун кабинеттерин ачууну макулдашышкан.