Түштүк Африкадагы тик учактын кулашына пингвин себепкер болгону аныкталды

Түштүк Африкада 19-январда болгон тик учактын кыйрашына байланыштуу иликтөөлөр жыйынтыкталып, окуяга пингвин себеп болгону аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөнүн Жарандык авиация башкармалыгынын отчётуна таянып жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, пингвин алдыңкы орундукта отурган адамдын колундагы кутуда болгон. Ал тик учак көтөрүлгөн учурда кутудан чыгууга аракет кылган. Ошол маалда куту учкучтун алдындагы приборлор панелине кулап түшүп, учкуч рулду башкара албай калган. Натыйжада жерден 15 метр гана көтөрүлгөн тик учак кайра кулаган.

Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес, анын ичинде пингвин да.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан