Жаңы гимнге кайрадан сынак жарыяланат. Себеби эмнеде? 

Мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы вариантына кайрадан сынак жарыяланат. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди жаңы гимнди тандоо үчүн түзүлгөн комиссия 9-10-апрель күндөрү Манас театрында өткөн экинчи отурумунда кабыл алынган. Буга сунушталган чыгармалардын арасынан гимнге коюлган мазмундук жана көркөм талаптарга толук жооп бергени табылбаганы себеп болгон.

Комиссия сынактын жобосуна да өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Анда биринчи этапта мамлекеттик гимнге алгач текст тандалып алынары, андан соң экинчи этапта бекитилген текстке музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча сынак жарыяланары каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан