АКШнын президенти Дональд Трамп мурдагы лидер Барак Обаманын тушунда киргизилген суунун басымына болгон чектөөнү алып салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Мен душка түшкөндү, чачыма кам көргөндү жакшы көрөм... Мен чачым жакшы жуулушу үчүн душта 15 мүнөт турушум керек. Суу тамчылап, тамчылап, тамчылап чыгат. Бул жөн эле күлкүлүү", - деген ал шаршемби күнү Ак үйдө буйрукка кол коюп жатып.
Айта кетсек, Обаманын тушунда үнөмдөө масатында душ жана башка сууну талап кылган буюдар үчүн суунун басымына чектөө киргизилген. Трамп алгачкы мөөнөтүндө бул тыюуну алып салган. Кийин кайра аны Жо Байден калыбына келтирген.