Кытай бийлиги өлкөнүн түндүгүндөгү арык адамдарды үйдөн чыкпоого чакырды

Кытай өкмөтү өлкөнүн түндүгүндө жашаган, салмагы 50 килограммдан ашпаган адамдарды 11-апрелден 13-апрелге чейин үйдөн чыкпоого чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Бийлик муну күтүлүп жаткан катуу шамал жеңил салмактагыларды учурушу мүмкүн деп түшүндүргөн. Шамалдын ылдамдыгы саатына 150 чакырымга чейин жетиши мүмкүн деп болжолдонууда. Эскертүү Хэбэй, Пекин жана Тяньцзинге тиешелүү экени айтылды.

Өкмөт күтүлүп жаткан шамалдан улам аталган аймактарда буга чейин белгиленген бардык коомдук иш-чараларды токтотуп, мектептерди, парктарты жана башка көңүл ачуучу жайларды жапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан