Бүгүн, 12-апрелде Кара-Суу районунун Беш-Мойнок айылында Вега Строй компаниясы тарабынан курулган асфальт жана таш майдалоочу завод ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, мрезиденттин маалымат саясатынын башчысы Дайырбек Орунбеков, Ош облусунун башчысынын орун басары Илияз Ташбаев жана жергиликтүү тургундар катышкан.
"Заводдун жалпы долбоордук баасы 2 миллион доллар. Ишкана үч багытта иштеп, өндүрүмдүүлүгүнүн күнүмдүк планы 2 миң тонна асфальт чыгаруу кубаттуулугуна ээ. Ал эми таш майдалоочу завод саатына 550 тонна ташты майдалап чыгарат.
Ошондой бордюр жана лоток чыгаруучу завод күнүнө 4 000 даана бетон буюмдарын өндүрөт. Курулуш материалдарын өндүргөн комплекс ишке кириши менен 60 жумуш орун түзүлүп, жергиликтүү эл иш менен камсыз болот", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле завод ишин токтоосуз жүргүзгөнгө өзүнүн чийки зат базасы бар экени белгиленди.