Социалдык тармактарда тирүү козуну жонуна артып алган жигиттин видеосу тароодо.
Видеодон шаар ичинде велосипед минген жигит тирүү козуну жонуна артып алганын көрүүгө болот. Видеону жарыялаган megapolis.kz Instagram баракчасы "Жылдын курьери Алматыда тартылган" деген билдирүү менен бөлүшкөн.
Бирок көпчүлүктүн көңүлүн бурган амалкөй жигиттин видеосу качан жана кайсы жерде тартылганы тууралуу так маалымат жок.