Америкалык Мари Перл Зеллмер Робинсон дүйнөдөгү оозу эң чоң аял болуп табылды. Чет элдик басылмалар Гиннесстин рекорддор китеби аны расмий каттаганын жазышты.
Ал жаагын 7,59 сантиметр ачып, мурунку рекордсменди бир сантиметрге артка калтырган. Мурдагы рекордсмен
Саманта Рамсделл жаагын 6,52 сантиметр ача алчу.
Гиннесстин рекорддор китеби өзүнүн Instagram баракчасында Маринин видеосу менен бөлүшкөн. Видеодон ал оозуна бүтүндөй апельсинди, чоң теннис шаригин оңой эле батырып койгонун көрүүгө болот.
Ал өзү Ketchikan Daily News басылмасына берген маегинде расмий түрдө катталганына кубанып жатканын айтып, бирок өзгөчөлүгүн бардык эле адамдарга көрсөтө бербестигин белгилеген.
"Мен оозумду толук ачсам, адамдар көбүнчө чочулашат", - деген ал.