Белектер тапшырылып... МАИ кызматкерлери айдоочуларга жол эрежелерин үйрөтүшүүдө (видео)

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кызматкерлери айдоочулар арасында сурамжылоо жүргүзүп жаткандагы сүрөт, видеолорду жарыялады.

Башкармалык муну айдоочуларга жол эрежелерин үйрөтүү иретинде болуп жатканы менен түшүндүрүп, аларга белек катары акыркы нускадагы жол кыймылынын эрежелерин камтыган китепчелер берилип жатканын маалымдады.

ЖКККББ мындай саамалык президенттин тапшырмасы менен ишке ашып жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 1-сентябрдан тарта жол эрежесин бузгандар үчүн жаңы тартиптер кирерин билдирген. Анда токтотулган унаанын айдоочусунан жол эрежелери суралары, ал билбей калса ошол замат анын айдоочулук күбөлүгү алынып, кайра экзамен тапшырууга жөнөтүлөрү айтылган. Алагөзов мындай чара жол кырсыктарын алдын алуу үчүн керектигин белгилеген.

13.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан