Өзбекстан менен Казакстандын дипломатиялык кызматкерлери Мьянмада эмгек кулчулугунда калган өз өлкөлөрүнүн жарандарын, аны менен катар кыргызстандык бир нече жаранды бошотту. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу "Дунё" агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, Өзбекстандын Таиланддагы башкы консулдугуна эки жаран кайрылып, кулчукка кабылгандар боюнча билдирген. Алар телеграм-каналдары аркылуу акысы көп жумуш таап, Бангкокко чейин алардын эсеби менен келгенин билдирген. Кийин аларды уюшкан кылмыштуу топ коркутууга алып, алдамчылардын атайын ачылган байланыш борборунда кызмат өтүүнү башташкан.
Консулдуктун өкүлдөрү жерине сүйлөшүүгө барганда 7 кыргызстандык, 4 казакстандык жарандар да бар экендигин аныкташкан.
"Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин “компетенттүү органдары” менен биргелешкен аракеттердин жана сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кыйынчылыкка дуушар болгон бардык мигранттар бошотулган. Укук коргоо органдар аларды Таиланддын Маесот чек ара бекетинде дипломаттарга өткөрүп берип, чет элдиктер убактылуу турак жай жана тамак-аш менен камсыздалган. 11-апрелде Борбор Азия өлкөлөрүнүн 13 тургуну тең мекенине учуп барышкан", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Чыңгыз Ажыбаев туткундагылар боюнча билдирген.