Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил багында Советтер Союзунун баатырынын 103 жылдыгына арналган эскерүү жыйыны өттү. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Улуу Ата Мекендик согушта эркиндик жана тынчтык үчүн жанын берген баатырдын элесин түбөлүккө калтыруу максатында уюштурулду.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Коргоо министрлигинин аскер адамдары, Улуттук гвардиянын аскердик оркестри жана ардактуу кароолунун курамы катышты. Алар Чолпонбай Түлөбердиевдин элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерип, эстеликке гүл коюшкандыгы маалыматта кошумчаланган.