Орусиянын Ички иштер министрлиги мигранттарга байланыштуу мончодогу окуя боюнча маалымат берди. Бул туурасында “Интерфакс” басылмасы жазып чыкты.
Маалымдалгандай, текшерүү иштерин 10-апрелде полиция кызматкерлери Улуттук гвардиянын аймактык бөлүмү менен биргеликте жүргүзгөн.
“Москванын түндүгүндө жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө полиция кызматкерлери тергөө кызматына 59 чет элдик жаранды алып барган. Алардын 25и Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү аныкталып, аларга карата өлкөдөн чыгаруу жана айып пул салуу каралган.
Кызматкерлер тарабынан жогоруда аталган адамдарга карата эч кандай мыйзамсыз аракеттер болбогондугун маалымдайбыз. Учурда Москва шаарынын аймактык ички иштер органына окуяда жабыр тарткандар боюнча кайрылуулар түшкөн эмес", - деп белгилейт Орусиянын ИИМинин басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, буга чейин Москвада мигранттар мончодо кармалгандыгы жана аларга болгон ырайымсыз мамиле боюнча маалыматтар байма-бай тараган. Маселе Жогорку Кенештин трибунасында да айтылып, Орусиянын элчилигине нота тапшырылган.