Трамп Украинада согуштун башталышы үчүн жооптуу үч адамдын атын атады

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы согуштук аракеттердин башталышына үч адам – Орусиянын президенти Владимир Путин, АКШнын мурдагы президенти Жо Байден жана Украинанын президенти Владимир Зеленский күнөөлүү деп билдирди. Бул тууралуу америкалык лидер 14-апрелде Ак үйдө өткөн маалымат жыйынында билдирди.

"Бул Байдендин согушу болчу, мен аны токтотууга аракет кылып жатам. Эми мен жакшы иш кылабыз жана муну жасайбыз деп үмүттөнөм", - деди ал.

Украинадагы согушка жол берилбеши керек болчу жана аны Байден токтотсо болмок, Зеленский да токтотсо болмок, Путин баштабашы керек болчу. Баары күнөөлүү", - деген Трамп.

Ушундан кийин Ак үйдүн башчысы “үч адамдын айынан миллиондогон адамдар өлдү” деген сөздү дагы бир жолу кайталаган.

"Мындай дейличи, Путин биринчи, эмне кылып жатканын билбеген Байден экинчи жана Зеленский үчүнчү", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан