Подполковник Турдубай Саматов Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Ал буга чейин Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген. Жаңы жетекчини өздүк курамга Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Жукенов расмий түрдө тааныштырды.
"Бул дайындоо — Баткен районундагы тартипти чыңдоо, элдин коопсуздугун камсыз кылуу жана мамлекеттик чек арадагы туруктуулукту сактоого багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат", - деп жазылат анда.