АКШнын вице-президент Жей Ди Вэнс Ак үйдөгү майрам учурунда Огайо штатынын университетинин футбол командасынын чемпиондук кубогун кокусунан түшүрүп алды. Анын видеосу интернетке тарады.
Окуя дүйшөмбү күнү, 14-апрелде Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп колледждер арасында америка футболу боюнча кубокту жеңген Buckeyes командасын кабыл алуу учурунда болгон.
Иш-чаранын жүрүшүндө Вэнс кубокту көтөрүүгө аракет кылган. Алтын, коло жана дат баспас болоттон жасалган 16 килограммдык кубок экиге бөлүнүп кеткен. Бул окуядан кийин ал тамаша иретинде социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү калтырган.
"Мен эч ким кубокту алышын каалабадым, ошондуктан аны сындырууну чечтим" деп жазган ал.