Эртең, 17-апрелде республиканын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облусунун айрым аймактарында жаан жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24;
Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;
Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18.
Бишкек шаарында түнкүсүн +4…+6, күндүз +21…+23 градус жылуу болот.