28 жаштагы Габондук чабуулчу Аарон Бупендза Кытайда 11-кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Жакында эле Кытайдын "Чжэцзян" клубуна кошулган 28 жаштагы габондук футболчу кырсык болгон учурда батирде агасы менен болгон. Тартип сакчылары учурда үч версияны карап жатышат: суицид, кырсык жана киши өлтүрүү.
Маркум Франция, Португалия, Түркия, Румыния, АКШ жана башка өлкөлөрдө ойногон. Ал 2021-жылы Орусиянын "Краснодар" клубуна кошулуудан баш тарткан.