
Грузиялык спортчу менен кол күрөшүп, социалдык баракчаларда сөзгө калган кыргызстандык паралимпиадачы
Бекболсун Токтосун уулу эсиңиздердеби? Ал эми 26-апрелде Грузиянын Батуми шаарында параармрестлинг боюнча профессионалдык турнирге реваншга барат. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, реваншта ал грузиялык ошол эле атаандашы Вахтанг Ахобадзе менен күч сынашат.
Белгилей кетсек, Бекболсун Токтосун уулу 2024-жылы Молдованын Кишинёв шаарында өткөн Параармрестлинг боюнча дүйнө чемпиондугунун күмүш медалисти, Жуманазаров атындагы теннис, паралимпиадалык жана күч спорт түрлөрү боюнча атайын балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу. Ал дүйнөлүк деңгээлдеги профессионалдык параармрестлинг турнирлерине чакырылган Азиядан чыккан алгачкы спортчу болуп саналат.
Ал эми "GrandBellagio Championship" эл аралык турнирине белгилүү дүйнөлүк спортчулар да катышат.