Башар Асад Сириядан канча акча алып чыгып кеткени белгилүү болду

Сириянын экс-президенти Башар Асад өлкөдөн чыгып кетээр алдында 500 миң доллар накталай акчаны, баалуу буюмдарды, документтерди, ноутбуктарды жана жашыруун маалыматтары бар дисктерди алып кеткен Бул тууралуу Reuters агенттиги сириялык 14 аткаминерге, мурдагы лидерге жакын булакка, спутниктен тартылган сүрөттөргө, учакка байкоо жүргүзүү маалыматтарына жана WhatsApp кат жазышууларына шилтеме кылуу менен жазды.

Башар Асаддын экономикалык кеңешчиси Ясар Ибрагим мурдагы президенттин мүлкүн, жакындарын жана жардамчыларын Бириккен Араб Эмираттарына жеткирүү үчүн Embraer Legacy 600 учагын ижарага алган. Ал учак Асад режими кулаганга чейин 48 сааттын ичинде БАЭге төрт жолу барып келген.

Агенттиктин маалыматына караганда, Сириядан аталган учак менен акыркы рейс Орусиянын Хмеймим авиабазасынан ишке ашырылган.

2024-жылдын 8-декабрында куралдуу сириялык оппозиция Дамаскты көзөмөлгө алганын жана Асаддын режими кулатылганын жарыялаган. Мурдагы президент Башар Асад Орусиядан саясий башпаанек алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан